УКМК трансулуттук баңги тобуна бөгөт койду
УКМК баңги каражаттарынын эл аралык транзиттик каналын аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча үзгүлтүксүз жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, «Афганистан — Тажикстан — Кыргызстан» багыты боюнча жана андан ары КМШ өлкөлөрүнө баңги каражаттарын ташуунун туруктуу каналын түзүп алган трансулуттук баңги тобун жок кылды.