Балеттин жаңы жылдыздары: Кыргызстандык бийчилер Россияда сыйлыкка татыды
А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын балет солисттери Россиянын Пермь шаарында өткөн «Арабеск» сынагында сыйлыкка татыды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.