Чүй облусунда жайыттарга мотоцикл менен чыккан айдоочуларга айып пул салынат
Бишкек шаарында жана Чүй облусунда эндуро-жарыш жана башка мототехникалардын жайыттарга, ошондой эле өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына уруксатсыз кирген учурлары катталууда. Акыркы рейддердин жүрүшүндө ондогон мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирет.