Бишкекте 17 гектардан ашык айыл чарба жери турак жай курууга берилди
Министрлер кабинети Бишкектин Октябрь районундагы 17,05 гектар сугат айыл чарба жерин калктуу конуштардын жерлери категориясына которду. Бул тууралуу токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.