ЖОЖ жана колледждерде кабыл алуу кампаниясынын мөөнөттөрү белгиленди
Кыргызстандын жогорку окуу жайларына кабыл алуу 13-июлда башталат. Бул тууралуу «Биринчи радио» түз эфиринде Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин башкармалыгынын башчысы Айнура Исиралиева билдирди.