Баңгизат ташуучу канал жок кылынып, 10 килограммдан ашык зат алынды
УКМК Бишкек шаарында, Чүй жана Ош облустарында иштеп жаткан баңгизаттарды ташуунун жана сатуунун ири каналына бөгөт койду. Атайын операциянын жүрүшүндө 10 килограммдан ашык тыюу салынган заттар алынып, шектүүлөр кармалды.