Садыр Жапаров Андраш Баканы Венгрия президенти болуп шайланышы менен куттуктады
«Сиздин президенттик мөөнөтүңүз Венгриянын мындан аркы өнүгүүсү жана гүлдөп-өсүшү, мажар элинин ынтымагынын бекемделиши жана бакубаттуулугунун жогорулашы менен коштолот деп ишенем. Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы өз ара урматтоого, ишенимге жана элдерибиздин тарыхый-маданий жакындыгына негизделген салттуу достук мамилелерди өзгөчө жылуу сезим менен белгилейм.