Кыргызстанда курч ичеги-карын инфекциясына кабылгандар көбөйдү
Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында курч ичеги инфекциясы менен ооруган бейтаптар үчүн кошумча дагы бир бөлүм ачылды. Бул тууралуу 24.kg басылмасына медициналык мекеменин башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.