Россия жана Кытай сүйлөшүүлөрү: Путин менен Си Цзиньпин адегенде эмне дешти?
Владимир Путин Си Цзиньпин менен Пекиндеги Тяньаньмэнь аянтында жолукту, ал жерде россиялык лидерди расмий тосуп алуу аземи өттү. Андан соң Элдик жыйындар үйүндө сүйлөшүүлөр башталды — адегенде тар чөйрөдө, кийин кеңири курамда.