Жогорку Кеңештин чыгымдары биринчи жарым жылдыкта 980 миллион сомдон ашты
2026-жылдын январь-июнь айларында Жогорку Кеңеш 980,3 миллион сом сарптады. Бул жылга каралган 1,87 миллиард сомдун 52,4 пайызын түзөт. Мындай маалыматтар «Ачык бюджет» порталында жарыяланды.