Каракол шаарында Ысык-Көлдөгү сел боюнча чукул жыйын өттү
Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө Каракол шаарында жана Ак-Суу районунда нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин түзүлгөн кырдаал боюнча ыкчам жыйын өттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.