Пайдалуу кеңеш: Тиш тазалоодо көпчүлүк адамдар кайсы каталарды кетирет?
Табигый кылдан жасалган тиш щеткасы, аны кутучада сактоо, «бүт үй-бүлө үчүн» деп жазылган паста — сизге тааныш угулуп жатабы? Тилекке каршы, булар стоматологдун кабыл алуусуна барууну жакындаткан эң классикалык каталар болуп саналат. Бул тууралуу aif.ru сайтына медицина илимдеринин кандидаты, Пирогов атындагы университеттин Медициналык алдын алуу институтунун гигиена кафедрасынын доценти Екатерина Дубровина айтып берди.