Оштогу балдар ооруканасын оңдоо жана жаңылоого 175 миллион сом бөлүндү
Өлкөнүн түштүк аймагындагы балдарга жардам көрсөткөн үчүнчү деңгээлдеги жалгыз адистештирилген медициналык мекеме болгон Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасында инфраструктураны жана материалдык-техникалык базаны масштабдуу жаңылоо иштерине жалпысынан 175 млн сомдон ашык каражат бөлүндү.