Кыргызстандын көк бөрү боюнча курама командасы Көчмөндөр оюндарына даярданууда
Алтынчы Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү боюнча башкы байге үчүн сегиз өлкөнүн курама командасы, көкпар боюнча алты өлкө ат салышат. Турнирде Кыргызстандын атынан ар бир дисциплинада 12ден болуп, жалпы 24 спортчу катышат.