Жыйынга президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Кутман Абдырахман уулу, ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник Мирлан Карабаев, Ак-Суу районунун акими Канатбек Калдаралиев жана жарандык коргонуу кызматтарынын жетекчилери катышты.

Катышуучулар катуу жаан-чачындан улам келип чыккан табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуда жарандык коргонуу кызматтарында жаралган маселелерди талкуулашты. Тиешелүү кызматтарга кыска мөөнөттө калкты жана аймактарды коргоо боюнча иштерди уюштуруу тапшырмасы берилди.

Жол курулушу менен алектенген чет өлкөлүк жеке компанияларга өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга ыкчам түрдө катышуу тапшырылганы белгиленди.