Каттоо саат 9.00дө башталат. Ажылыкка барууну каалагандар «Ажы» мамлекеттик санариптик системасы аркылуу eID же ID-карта менен электрондук идентификациядан өтүп, андан соң 180 миң сом өлчөмүндөгү баштапкы төлөмдү төлөшү керек.

Төлөмдү ыңгайлуу банктык тиркеме же электрондук капчык аркылуу төлөөгө болот. Бул жылы каттоо жана төлөмдөр улуттук валютада — сом менен жүргүзүлөт.

Төлөмдөрдү кабыл алуу Кыргыз Республикасына бөлүнгон квота толгонго чейин уланат. Бардык орундар толору менен система төлөмдөрдү кабыл алууну автоматтык түрдө токтотот.

Ажылардын кезеги баштапкы төлөмдү төлөгөн убактысына жараша автоматтык түрдө түзүлөт.

Катталган талапкерлер белгиленген мөөнөттө ажылык үчүн бардык документтерди чогултуп, мамлекеттик системага жүктөшү зарыл.