Бишкек шаардык ИИББдин тергөө кызматына М.Ч. аттуу аял кайрылган. Анын айтымында, К.Ж. аттуу жаран анын ишенимине кирип, алдоо жолу менен өзүнө таандык батирди убактылуу анын атына каттатууга көндүргөн.
Милициянын алдын ала маалыматы боюнча, кыймылсыз мүлктү кайра каттаткандан кийин ал жаран батирди ээлеп алып, үчүчү тараптарга сатып жиберген. Жабырлануучу келтирилген чыгымды 4 миллион 810 миң 892 сом деп баалаган.
Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») боюнча кылмыш иши козголду.
Фото Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы. Шектүү кармалды
Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан 1984-жылы туулган К.Ж. кармалды. Ал Бишкек шаардык ИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тергөө келишимдин бардык жагдайларын аныктап, ага башка жактардын катышы бар-жогун текшерүүдө.
Милиция ошондой эле кармалган жарандын аракеттеринен жабыркаган же ал жөнүндө маалыматы бар жарандарга кайрылып, 0755442037 телефону аркылуу кабарлап коюуну суранат.
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий