Бул ролик China Road and Bridge Corporation (CRBC) компаниясынын жетекчилигине чейин жеткен. Эне менен балдарды жолугушууга чакырып, балдарга эстелик белектерди жана ыраазычылык каттарын тапшырышты. Компаниянын жетекчиси Цай Юй үй-бүлөгө жолчуларга көрсөткөн боорукердиги, камкордугу жана колдоосу үчүн жеке өзү ыраазычылык билдирди.

Фото 24.kg. Достук -боорукерликтен башталат. Балдар Беделдин куруучуларына тамак беришти

Жумушчулар үчүн бул жөн гана даамдуу тамак эмес, андан да чоң нерсе болду. Калктуу конуштардан алыс, катаал тоолордун арасында бул үй-бүлө куруучуларга үй жылуулугунун бир үзүмүн тартуулады. Бул окуя кыргыз меймандостугунун, адамгерчиликтин жана Кыргызстан менен Кытай элдеринин ортосундагы достуктун жакшы үлгүсү болуп калды. Куруучулар тоолор аркылуу жаңы жол салып жаткан кезде, жергиликтүү тургундар аны негизги маани — өз ара урматтоо жана ынак коңшулук менен толтурууда.

Эске салсак, узундугу 160 чакырымга жакын Барскоон — Бедель жолу Ысык-Көлдүн түштүк жээгин кыргыз-кытай чек арасындагы «Бедель» өткөрүү пункту менен байланыштырат. Долбоордо эки тоннель, 30дан ашык көпүрө жана башка курулмаларды куруу каралган.