Маалым болгондой, сапардын алдында дипломаттар команданын айрым катышуучулары менен жолугуп, алар менен видео тартышкан.

Спортчулар алар үчүн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары эмнени билдирерин, эмне үчүн мелдешке катышууну чечишкенин жана Кыргызстанга болгон сапардан эң эле эмнени күтүп жатышканын айтып беришкен.

Эскерте кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 30-августтан 6-сентябрга чейин өтөт. Учурда ДКӨнүн уюштуруу комитетине 112 өлкөнүн спортчуларынан арыздар түшкөн. Мелдештерге 3 миңге чукул адам катышаары күтүлүүдө.