- Казахстан планирует запретить детям до 16 лет регистрироваться в социальных сетях.
- Законопроект разработан правительством и внесен в парламент.
- Президент Касым-Жомарт Токаев поручил усилить фильтрацию контента для детей и расширить использование детских SIM-карт.
- Токаев отметил необходимость пересмотра закона о защите детей от вредной информации, действующего с 2018 года.
- В декабре 2025 года в Австралии введен запрет на доступ к большинству соцсетей для лиц младше 16 лет, в Великобритании также планируются ограничения.
Бүгүн жаңы шайланган Курултайдын биринчи жыйынында документти депутаттар карап чыгышат, деп билдирди өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев.
Ошондой эле ал министрлер кабинетине балдар үчүн контентти чыпкалоону күчөтүүнү жана атайын балдар SIM-карталарын колдонууну кеңейтүүнү тапшырды.
Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, социалдык тармактар, санариптик платформалар, жасалма интеллект жана агрессивдүү маркетинг балдарга барган сайын күчтүү таасир этүүдө, ошондуктан 2018-жылдан бери иштеп келе жаткан балдарды зыяндуу маалыматтардан коргоо жөнүндө мыйзамды кайра кароо зарыл.
«Анын үстүнө, ушуга окшош кадамдар көптөгөн алдыңкы өлкөлөр тарабынан жасалып бүткөн. Менимче, бизге да кесепеттерди жоюудан балдардын психологиялык абалына келүүчү коркунучтардын алдын алууга өтө турган убакыт келди, болбосо бул коомдогу туруктуулукка терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Өкмөт балдарды коргоо максатында мазмунду (контентти) чыпкалоо боюнча чараларды көрүшү керек. Бир катар белгилүү жана жетиштүү деңгээлде объективдүү себептерден улам ата-энелердин жоопкерчилигине гана таянууга болбойт. Ошондуктан, маалыматтык иммунитетти камсыз кыла турган милдеттүү балдар SIM-карталарын киргизүүнү кеңейтүүнү тапшырам»
, — деди Казакстан Республикасынын башчысы.
Эске салсак, 2025-жылдын декабрь айында Австралияда 16 жаштан кичүү адамдарга социалдык тармактардын көбүнө кирүүгө бөгөт коюлган. Улуу Британияда 16 жашка чейинки балдар жана өспүрүмдөр үчүн Snapchat, TikTok, YouTube, Instagram, Facebook жана X сыяктуу платформаларга тыюу салынат.
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий