- В Непале в результате селя погибли 157 человек, около 900 пропали без вести.
- Среди пропавших без вести - туристы из Украины (46 человек), России (минимум 4), а также граждане Индии, США, Австралии, Великобритании, Канады и Малайзии.
- Пропали без вести 85 военнослужащих и полицейских, а также 60 сотрудников гидроэнергетических объектов.
- В уезде Гьиронг Тибетского автономного района пропали без вести 265 человек.
- Причиной селя предположительно стал оползень, перекрывший русла рек, что привело к наводнению и разрушениям.
Фото ЖМКдан. Непалдагы сел. Дайынсыз жоголгондордун саны 900гө жакындап, 157 киши каза болду
Киевде 26-август күнү эртең менен Украинадан келген 46 туристтен турган топ менен байланыш үзүлгөнү кабарланууда. Кийинчерээк дайынсыз жоголгондордун саны 53кө көбөйгөнүн Туристтик полицияга таянуу менен Украина ТИМнин өкүлү Георгий Тихий билдирди.
Ошондой эле кырсык учурунда Непалда болгон Россиянын кеминде төрт жараны менен да байланыш жок.
Жалпысынан 900гө чукул турист дайынсыз жоголду деп эсептелүүдө.
Непал бийлиги дайынсыз жоголгон 85 аскер кызматкери менен полиция кызматкерин жана гидроэнергетикалык объекттердин 60 кызматкерин кабарлоодо. Тибет автономиялык районунун Гьиронг уездинде бийлик өкүлдөрү 265 киши дайынсыз жоголгонун билдиришти.
Алдын ала маалыматтар боюнча, селге бир катар дарыялардын нугун тосуп калган көчкү себеп болгон. Натыйжада суу жээктен чыгып, үйлөрдү, жолдорду, көпүрөлөрдү жана энергетикалык инфраструктура объекттерин талкалап, калктуу конуштарды агызып кеткен.
Непал бийлигинин акыркы маалыматтарына караганда, дайынсыз жоголгондордун арасында эң эле көбү Индия, АКШ, Австралия, Улуу Британия, Канада жана Малайзия жарандары.
Непалдын туризм боюнча башкармалыгы дайынсыз жоголгондордун арасында 25тен ашык өлкөнүн жарандары, анын ичинде Германия, Франция, Россия, Испания, Ирландия жана Нидерланды жарандары бар экенин кабарлады.
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий