Текшерүү учурунда адистер болочок үй үчүн казылган котлован курулуш аянтынын тосмосунан чыгып кеткенин аныкташкан. Буга байланыштуу өткүнчүлөр жана объекттин жанында жүргөн башка адамдар үчүн коркунуч жаралган.

Компанияга эреже бузууну четтетүү жана коопсуздук талаптарын сактоо боюнча эскертүү берилди. Ошондон кийин тосмо чыңдалып, аныкталган кемчиликтер четтетилди.