Маалыматка ылайык, 36 жаштагы борбор калаанын тургуну оор абалда кош бойлуулуктун 31 жумасында ооруканага түшкөн.

Дарыгерлер тарабынан тиешелүү дарылоо жана көзөмөл жүргүзүлгөндөн кийин, 30-апрель күнү 32 жумалык мөөнөттө үч эм жарык дүйнөгө келген.

Ымыркайлардын бири — эркек бала, экөө — кыз. Алардын салмагы 1730, 1590 жана 1460 граммды түзгөн.

Дарыгерлердин маалыматына караганда, ымыркайлар жетилбей төрөлгөндүктөн реанимация бөлүмүнө жаткырылып, жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулган.

Учурда эненин жана ымыркайлардын абалы туруктуу.