Иш-чаранын алкагында жалпы билим берүү уюмдарында 12 жылдык мектептик билим берүүнүн биринчи жылындагы жыйынтыктар чыгарылып, ата-энелерди кызыктырган бардык суроолорго ачык жооп берилет.

Форум 20-майда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаеванын жана Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин катышуусунда башталып, андан соң бардык аймактарда уланат. Ошондой эле иш-чара Улуттук телерадиоберүү корпорациясы аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт.

Бардык кызыкдар тараптарды ачык диалогго чакырабыз. Суроолор бардык форматта кабыл алынат.