- Путин и Си Цзиньпин встретились на площади Тяньаньмэнь в Пекине
- Товарооборот между РФ и КНР вырос более чем в 30 раз за 25 лет и превысил 200 млрд долларов
- Лидеры договорились продлить договор о добрососедстве, дружбе и сотрудничестве
- Путин отметил роль России как надежного поставщика ресурсов, а Китая как ответственного потребителя
- Си Цзиньпин подчеркнул необходимость построения более справедливой системы глобального управления
«Россия Федерациясы менен КНРдин мамилелери болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээлге чыкты, аларды ар тараптуу өнөктөштүктүн үлгүсү деп атаса болот», — деди РФ лидери.
Владимир Путин эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү чейрек кылым ичинде 30 эседен ашык өсүп, бир нече жылдан бери 200 миллиард долларлык чектен ишенимдүү түрдө ашып жатканын билдирди.
«Жакынкы Чыгыштагы кризистин фонунда Россия мурдагыдай эле ресурстарды ишенимдүү жеткирүүчү, ал эми Кытай — жоопкерчиликтүү керектөөчү ролун сактап калууда», — деп белгиледи РФ башчысы.
Анын айтымында, Россия-Кытай экономикалык өз ара аракеттенүүсүнүн артыкчылыктуу багыттарында — айыл чарбасындагы, транспорттогу жана жогорку технологиялардагы өнөр жайдын ири биргелешкен демилгелери бар.
Си Цзиньпин өз кезегинде Кытай менен Россия глобалдык башкаруунун кыйла адилеттүү тутумун курушу керектигин баса белгиледи.
«Москва менен Пекиндин мамилелери башаламан дүйнөгө алдын ала болжолдуулукту жана туруктуулукту алып келүүдө», — деп белгиледи КНР лидери.
Анын пикиринде, мындан 25 жыл мурун ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюлушу эки өлкөнүн мамилелеринин өнүгүүсүндө секирик жасоого мүмкүндүк берди.
«Россия менен Кытай биргеликте сыйлоонун негизинде мамилелерди өнүктүрүүнүн векторун аныктап жатышат. Пекин менен Москва эл аралык адилеттүүлүктү коргоо ишинде эрктүүлүктү көрсөтүүдө», — деп билдирди Си Цзиньпин.
Россия менен Кытайдын лидерлери ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишимди узартууну макулдашышты. Эки өлкөнүн ортосундагы бул макулдашууга мындан 25 жыл мурун кол коюлган.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий