Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, диний билим берүүнү жана руханий агартууну өнүктүрүүгө, моралдык-адеп-ахлактык баалуулуктарды калыптандырууга, элдин маданий-диний салттарын сактоого кошкон өзгөчө салымы үчүн Чубак ажы Жалиловго «Ак Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры» Кыргыз Республикасынын эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды.