Тармактын жетекчиси метеорологиялык кызматтын маалыматтарына таянуу менен тактагандай, акыркы 10 жылда Ысык-Көлдүн суусунун деңгээли болжол менен 47 сантиметрге төмөндөгөн.
«Бизде долбоорлор бар, анын ичинде Ысык-Көлдүн айланасында тамчылатып сугаруу тутумун киргизүү каралган», — деди Эрлист Акунбеков.
Ал ошондой эле саркынды сууларды, анын ичинде пансионаттардан жана автоунаа жуучу жайлардан чыккан сууларды кайра иштетүүгө жана кайрадан пайдаланууга өзгөчө көңүл буруларын белгиледи.
Автоунаа жуучу жайлардын ичүүчү сууну колдонуусун чектөө жана сууну кайра айлантып колдонуучу тутумдарга өткөрүү боюнча чаралар каралган.
«Ысык-Көлдө багбанчылыкты өнүктүрүү үчүн чоң потенциал бар. Жана биз аграрийлерге бул багытты өнүктүрүүнү сунуштагыбыз келет», — деп кошту аткаминер.
Аймакта тамчылатып сугаруу тутумуна этап-этабы менен өтүү 2028-жылдан тартып пландаштырылууда. Бул Ысык-Көлдүн суу ресурстарына болгон жүктөмдү азайтып, экологиялык кырдаалды турукташтырууга тийиш.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий