«Улуттук электр тармагы» ААКнын филиалынан билдиришкендей, 25-майга караган түнү, электр энергиясы үчүн карызы бар Бишкектин 6,5 миңден ашык абонентинин акылдуу эсептегичтери автоматтык түрдө жарыкты өчүрөт.
Ишкана шаардыктарды жарыксыз калуудан жана ага байланыштуу ыңгайсыздыктардан алыс болуу үчүн эсептерди өз убагында төлөөгө чакырат.
Ишкананын расмий сайтындагы «Абоненттин балансы» бөлүмүнөн;
Play Market жана App Store платформаларынан көчүрүп алууга мүмкүн болгон «Мой свет» мобилдик тиркемесинен;
Электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү Quickpay, Pay24, UMAI, KICB, Megacom, «О!», «Оной» терминалдары, «Мбанк», MegaPay, «Элсом» электрондук капчыктары жана банктардын кассалары аркылуу жүргүзүүгө болот. Ишканадан такташкандай, бардык төлөмдөр реалдуу убакыт режиминде дароо катталат.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий