Маалыматка ылайык, мониторингдин жүрүшүндө мал союучу жайларга киргизилген малдардын кулак биркаларынын, ветеринардык коштоочу күбөлүктөрүнүн жана тиешелүү документтеринин бар-жогу текшерилди. Документтери жана биркалары жок малдарды союучу жайларга киргизүүгө тыюу салынып, мал ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы жарандарды азык-түлүк коопсуздугуна жана коомдук саламаттыкка жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырат.

Малдарды союуга алып келүүдө кулак биркаларынын жана ветеринардык коштоочу документтердин толук болушу милдеттүү экендиги эскертилди.