Анын маалыматы боюнча, аталган мезгилде ички валюта рыногунда АКШ долларын сатуунун жалпы көлөмү 893,45 миллион долларды түздү. Ошондой эле ал жөнгө салуучу орган эл аралык резервдердин жетиштүү деңгээлин сактап келе жатканын жана валюталык интервенциялар ушул резервдердин эсебинен жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

Улуттук банктын берген көрсөткүчтөрүнө ылайык, 22-майга карата эл аралык резервдердин көлөмү болжол менен 8,9 миллиард доллар деңгээлинде калыптанды, бул 2025-жылдын акырына салыштырмалуу 3,4 пайызга көп.

Эске салсак, 16-апрелде Кыргызстандын Улуттук банкы валюта рыногуна интервенция менен чыгып, 168 миллион доллар саткан. Бул жөнгө салуучу органдын 2026-жылдын башынан берки эң ири операцияларынын бири болуп саналат.