Саат 10:00дөн тарта Ала-Тоо аянтындагы фонтан аянтчасында көңүл ачуучу иш-чаралар уюштурулат: фотозоналар, кызыктуу сынактар, мастер-класстар, спорттук мелдештер, ошондой эле улуттук тамак-аштар сунушталган фудкорттор иштейт.

Ошондой эле VI Эл аралык «Наристе» балдар фольклордук фестивалынын алкагында саат 17:00дөн тарта Ала-Тоо аянтында чет өлкөлүк катышуучулардын өнөрлөрү көрсөтүлүп, Балдар чыгармачылык борборлорунун концерттери өтөт. Кечинде майрамдык дискотека жана достук кечеси уюштурулат.

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундары, борбор калаанын коноктору жана жаш бишкектиктерди Балдарды коргоо күнүнө арналган майрамдык иш-чараларга катышууга чакырат.