- Садыр Жапаров ЕАЭБ өлкөлөрүнүн башчылары менен Астанадагы санариптик жетишкендиктердин көргөзмөсүнө барды.
- Иш-чара Евразия экономикалык форумунун алкагында Alem.ai Эл аралык жасалма интеллект борборунда өттү.
- Экспозицияда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жасалма интеллект жана санариптештирүү жаатындагы жетишкендиктери көрсөтүлдү.
- Кыргыз Республикасынын тактасында фискалдык тутумду жакшыртуу үчүн санариптик каражаттар жана жасалма интеллект чечимдери көрсөтүлдү.
Иш-чара Евразия экономикалык форумунун алкагында Alem.ai Эл аралык жасалма интеллект борборунда өтүүдө.
Экспозицияда негизги басым санариптештирүүгө жана жасалма интеллект технологияларын киргизүүгө жасалган. Бул жерде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жасалма интеллектти өнүктүрүү, мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү жаатындагы жетишкендиктери, ошондой эле мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана санарип экономикасын өнүктүрүүгө багытталган заман талабындагы технологиялык жаңылыктар көрсөтүлгөн.
Кыргыз Республикасынын көргөзмө тактасында өлкөнүн фискалдык тутумун жакшыртуу үчүн учурда колдонулуп жаткан санариптик каражаттар, анын ичинде салык жана бажы башкаруу процесстерине жасалма интеллект технологияларын киргизүү боюнча чечимдер көрсөтүлдү.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий