- За пять лет ВВП стран ЕАЭС вырос на 16,6%
- Промышленное производство увеличилось на 18,9%
- Сельское хозяйство выросло на 12,4%
- Интеграционный вклад в ВВП союза составил около 43 млрд долларов (дополнительно 1,7% к общему ВВП)
- Взаимная торговля выросла на 25%, а доходы от трудовой миграции — на 56% (около 25 млрд долларов)
Анын айтымында, өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 18,9 пайызга, ал эми айыл чарбасындагы көрсөткүчтөр 12,4 пайызга өскөн.
Данияр Иманалиев ЕЭК интеграциялык аракеттердин натыйжалуулугун эсептеп чыга турган атайын иштелип чыккан методологияны колдонорун түшүндүрдү.
Интеграциядан биримдиктин ИДПсына кошулган жалпы салым болжол менен 43 миллиард долларды түздү. Бул өз кезегинде ИДПнын жалпы көлөмүнө кошумча 1,7 пайызды берди.
«Өз ара соодада 25 пайыздык өсүш катталды. Ошондой эле өз ара эмгек миграциясынан түшкөн интеграциялык натыйжа да жогорулады. Ал 56 пайызга өсүп, болжол менен 25 миллиард долларды түздү», — деди Данияр Иманалиев.
Ал кошумчалагандай, ЕЭК соода келишимдеринин алкагында Иран жана Вьетнам менен иш алып барууда. 2015-жылы Сербия менен келишимге кол коюлган. Монголия, Индонезия жана Бириккен Араб Эмираттары менен келишимдер түзүлгөн.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий