Аткаминер алдыдагы алтынчы оюндардын байге фондуна 61 миллион 300 миң сом каралганын тактады.

2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууга жана өткөрүүгө мамлекеттик бюджеттен 336 миллион сом бөлүнгөн.

Улукбек Өмүрбековдун айтымында, спорттук бөлүктүн бюджети 334,2 миллион сом өлчөмүндө аныкталган. Бул суммага катышуучуларды жайгаштыруу жана тамак-аш менен камсыздоо, спорттук форма жана экипировка, спортчуларды даярдоо, тандоо турнирлерин жана окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүү чыгымдары кирет.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары «Күч бирдикте! Рух бирдикте!» урааны астында өтөт. Программага спорттун 43 түрү, анын ичинде 20 улуттук спорт түрү киргизилген.

Эскерте кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары эки жылда бир жолу өткөрүлүп турат. Эсеп боюнча алтынчы оюндар Кыргыз Республикасында 31-августтан 6-сентябрга чейин өтмөкчү. Ага 100дөн ашык өлкөдөн 3 миңден ашуун спортчу катышып, улуттук күрөш, ат чабыш жана жаа атуу боюнча күч сынашары пландалууда.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары алгачкы жолу 2014-жылы өткөрүлгөн.