Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынан (МККБ) билдиришкендей, алдын ала маалыматтар боюнча, Kia Optima үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу каршы тилкеге чыгып кетип, «Спринтер» кичи автобусу жана жүргүнчү ташыган автобус менен кагылышкан.

Катуу соккудан улам жеңил унаанын айдоочусу алган жаракаттарынан улам Тез жардам кызматы келгенге чейин эле окуя болгон жерде каза болгон. Мындан тышкары, жол кырсыгынын кесепетинен эки адам жабыркап, ооруканага кайрылышкан