Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдиргендей, 2-3-июнь күндөрү атайын комиссия жети бассейнди — «Максимум», «Дениз», «Новотел», «Дельфин», «Парус», «Кудайберген» жана «Өнөл» бассейндерин текшерүүдөн өткөрдү. Мындан тышкары, Чоң Чүй каналы жана үч суу сактагыч, анын ичинде суткалык жөнгө салуу бассейни, балык өстүрүүчү чарба жана кароосуз калган көлмө текшерилди.

Комиссиянын курамына ӨКМдин райондук бөлүмүнүн, Ленин районунун Ички иштер башкармалыгынын (ИИБ), Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын өкүлдөрү кирди. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча ар бир объектте тиешелүү актылар түзүлдү. Кожоюндарга жана кызматкерлерге коопсуздук талаптарын сактоо, эс алуучулардын өмүрүн жана ден соолугун коргоо, ошондой эле суудагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу зарылдыгы эскертилди.

Аныкталган кемчиликтер боюнча аларды четтетүү сунуштары берилди. ӨКМден мындай иш-чаралар шаардыктардын коопсуз эс алуусун камсыздоого жана суу объекттериндеги кырсыктарды алдын алууга багытталганын баса белгилешти.