Маалыматка ылайык, Түндүк—Түштүк альтернативдик унаа жолунун 260—274-чакырым аралыгында нөшөрлөп жааган жаан-чачындын кесепетинен таш көчкү түшүп, жол убактылуу жабылган.

Жеринде № 18 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан атайын техникалар тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлүп, жол ачылды.

«Айдоочулардан жол кыймылынын эрежелерин жана ылдамдыкты так сактоону өтүнөбүз», — деп айтылат маалыматта.