- Президент Кыргызстана Садыр Жапаров встретился с министром иностранных дел Кипра Константиносом Комбосом.
- Стороны обсудили развитие двустороннего сотрудничества и взаимодействие на международных площадках.
- Основное внимание уделено туризму, инвестициям, финансам и межбанковским связям.
- Министр Комбос поздравил Жапарова с избранием Кыргызстана непостоянным членом Совета Безопасности ООН.
- Жапаров выразил готовность к взаимовыгодному сотрудничеству.
Мамлекет башчысынын администрациясынан билдиришкендей, тараптар эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин жана эл аралык аянтчалардагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашты.
Президент туризм, инвестиция, финансы жана банктар аралык байланыштар жаатында, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүүлөрдү тереңдетүүгө көңүл бурду.
Фото Президенттин басма сөз кызматы
Өз кезегинде Кипрдин тышкы иштер министри Константинос Комбос президент Садыр Жапаровду Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы менен куттуктап, бул олуттуу жетишкендик жана эл аралык коомчулуктун жогорку ишеним көрсөтүүсүнүн далили экендигин белгиледи.
Ал Кыргызстанга эки жактуу мамилелерди өнүктүрүүгө жаңы дем берүү үчүн келгенин белгилеп, бул үчүн тараптардын жетиштүү потенциалы бар экенин айтты.
Жолугушуунун соңунда президент Садыр Жапаров Константинос Комбоско куттуктоосу үчүн ыраазычылык билдирип, өз ара пайдалуу кызматташтыкка даярдыгын билдирди.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий