Жолдоштук беттеш 6-июнда Бишкекте өтүп, 0:0 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган.

Рейтингде 95-орунда турган команда менен тең чыгуу Роберт Просинечкинин шакирттерине 0,51 упай топтоого жана бир сапка — 107-орунга көтөрүлүүгө мүмкүндүк берди.

Кыргызстандыктар өз талаасында Казакстан менен тең чыгып, 0,08 упай жоготкон Армениянын курама командасын артка калтырды.

Фото Интернеттен алынды. «Акшумкарлар» ФИФАнын рейтингинде көтөрүлдү

Палестина курамасы Кыргызстан менен тең чыкканы үчүн рейтингде 0,51 упай жоготкону менен өз позициясын сактап калды.

Бүгүн, 9-июнда Кыргызстан жана Палестина командалары өз ара дагы бир оюн өткөрүшөт.