«Uzautotrans Service» транспорттук компаниясы 8-июндан тарта Ташкент — Чолпон-Ата сезондук автобус каттамын ишке киргизди. Бул тууралуу Өзбекстандын Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Фото Архивден алынды. Жүргүнчүлөрдү ташуу Yutong автобустары менен жүргүзүлөт

Бул каттам туристтик сезон учурунда Ташкент менен Кыргызстандын курорттук аймагынын ортосунда жүргүнчүлөрдү тейлөөгө багытталган. Каттамдар «Ташкент» автовокзалынан жуп күндөрү, ал эми Чолпон-Атадан кайра кайткан каттамдар так күндөрү аткарылып турат.

Жүргүнчүлөрдү ташуу компаниянын карамагындагы Yutong автобустары менен жүргүзүлөт.

Каттамга билеттин баасы 365 миң сумду (болжол менен 2 миң 700 сомду) түзөт.