Маалыматка ылайык, жер астындагы силкинүүлөр 8-июнда саат 22:55те катталган.

Жер титирөөнүн очогу Күнгөй Ала-Too кырка тоосунун аймагында, Кожояр айылынан түндүк-батышты карай 35 чакырым, ал эми Ананьево айылынан түндүк-батышты карай 49 чакырым аралыкта жайгашкан.

Жердин силкинүүсү Ак-Булуң, Ак-Булак, Балбай, Шаты, Ичке-Суу, Күрмөнтү, Корумду жана Талды-Суу айылдарында болжол менен 3 баллга чейин сезилген.