- Мыктыбек Абдылдаев скончался в возрасте 73 лет.
- Он был депутатом Жогорку Кенеша нескольких созывов, генерал-лейтенантом милиции.
- Занимал должности заместителя министра внутренних дел, и.о. генерального прокурора, руководителя администрации президента.
- Награжден медалями и орденами, удостоен звания 'Заслуженный юрист Кыргызской Республики'.
- Родился 17 августа 1953 года в селе Кара-Жыгач Чуйской области.
Мыктыбек Юсупович Абдылдаев 1953-жылдын 17-августунда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач айылында туулган.
1976-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин, 1989-жылы СССРдин Ички иштер министрлигинин академиясын бүтүргөн. 1999-жылы юридика илимдериния кандидаты илимий даражасын алган.
Өмүр жолун мамлекетке жана элге кызмат кылууга арнап, ички иштер органдарында жооптуу кызматтарды аркалап, кесиптик жактан чоң жолду басып өткөн. Ал 1985—1990-жылдары Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары, 1991—1994-жылдары аталган башкармалыктын башчысы болуп иштеген. Ар кайсы жылдары ички иштер министринин орун басары жана биринчи орун басары (1994–2001-жж.), президенттин алдындагы Стратегиялык изилдөөлөр боюнча эл аралык институттун директору (2001–2002-жж.), президенттин администрациясынын коргоо жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы (2002–2004-жж.) кызматтарын аркалаган.
2004-жылдын октябрынан 2005-жылдын 23-мартына чейин башкы прокурордун милдетин аткаруучу болуп иштеп, 2005-жылдын март айында ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
2006-жылдын 17-майынан 2007-жылдын 13-апрелине чейин президенттин администрациясынын жетекчиси кызматын аркалаган. 2010-жылдын октябрь айында «Ата-Журт» саясий партиясынан Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты болуп шайланган. 2023—2025-жылдары Элдик курултайдын Катчылыгын жетектеген.
Мыктыбек Юсуповичтин мамлекеттик жана коомдук ишмердиги жогору бааланып, көптөгөн мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган. Ал I даражадагы «Аскердик каармандык эмгеги үчүн» медалы, I даражадагы «Күжүрмөн кызматы үчүн» медалы жана Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын «Шериктештик» ордени менен сыйланган. Ошондой эле ага «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи» ардактуу наамы, мамлекеттик кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси жана юстициянын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси класстык чендери ыйгарылган.
Мыктыбек Абдылдаев кесипкөйлүгү жогору, принциптүү жетекчи, жоопкерчиликтүү мамлекеттик ишмер жана өз өлкөсүнүн чыныгы патриоту катары кесиптештеринин жана жалпы коомчулуктун терең урматына ээ болгон. Анын мыйзамдуулукту чыңдоого, мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө жана жарандардын кызыкчылыктарын коргоого багытталган көп жылдык эмгеги Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнө олуттуу салым кошту.
Мыктыбек Юсуповичтин жаркын элеси анын үй-бүлөсүнүн, жакындарынын, кесиптештеринин, санаалаштарынын жана аны урматтап билген жалпы журтчулуктун жүрөгүндө түбөлүк сакталат.
Маркумдун үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус оор жоготуунун кайгысын тең бөлүшөбүз.
С.Н. Жапаров, М.А. Маматалиев, А.А. Касымалиев, М.А. Сатыев, Э.Ж. Өскөнбаев, А.К. Койчиев, М.К. Асаналиев, А. Жумагулов, М.Ш. Шеримкулов, Д. Амангелдиев, Э.А. Акунбеков, У.Э. Маматканов, М.К. Алиев, Б.А. Ибрагимов, Ж. Таалайбек кызы, А.С. Кадыралиев, А.О. Орозбеков, М.К. Укушов, А.Б. Апсатаров, Н.К. Ташбеков, К.Т. Туманбаев, У.О. Ниязбеков, А. Жунушалиев, Б.Р. Зулпиев, С.С. Касмамбетов, М.М. Иманкулов, Э.Т. Аширбаев жана башкалар.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий