Оюн Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, бул ирет да 0:0 эсебиндеги тең чыгуу менен аяктады.

Белгилей кетсек, буга чейин курама командалар 6-июнда кез келип, ал беттеш голсуз тең чыгуу менен аяктаган.

Ушуну менен Улуттук курама командабыздын июнь айындагы окуу-машыгуу жыйындары жыйынтыкталды. Бул оюндар Кыргызстандын улуттук курама командасынын 2027-жылкы Азия Кубогуна даярдыгынын алкагында уюштурулду.