Ишканада куралган 1 миңден ашык унаа Кыргызстандын мамлекеттик түзүмдөрүнө өткөрүлүп берилди.

«Учурдагы этапта мамлекеттик буйрутма, чындыгында эле, ишкананын иш менен камсыз болушунда маанилүү ролду ойнойт, бирок ал өнүгүүнүн жалгыз гана кыймылдаткыч күчү эмес. Завод муну менен катар чекене сооданы да жигердүү өнүктүрүүдө жана жеңилдетилген каржылоо программалары, ошондой эле дилердик тармакты кеңейтүү аркылуу калк үчүн унаалардын жеткиликтүүлүгүн арттырууга басым жасап жатат», — деп белгилешти «Тулпар Моторс» компаниясынан.

Фото Интернеттен алынды. Улуттук статистика комитетине 50 автоунааны өткөрүп берүү аземи

Компаниядан кошумчалашкандай, ишкана ири тетиктерди куроодон майда тетиктерди куроого чейин ырааттуу түрдө өтүүдө. Бул этап технологияларга, жабдууларга жана өндүрүштүк базаны өнүктүрүүгө кошумча инвестицияларды талап кылат.

«Буга байланыштуу бүгүнкү күндө долбоордун масштабын кеңейтүү жана анын өнөр жайлык потенциалын бекемдөө маселеси кыйла актуалдуу болуп турат», — деп баса белгилешти компаниядан.

Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 2 миллиард сомдон ашты, ал эми салыктык чегерүүлөр 30 миллион сомго жакынды түздү.

Эске салсак, «Тулпар Моторс» заводу 2024-жылы ишке киргизилген. Заводдун ачылышы Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Өкмөтүнүн ортосунда КР аймагында автомобиль жана коммерциялык техникаларды өндүрүүнү уюштуруу боюнча кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюлушунун аркасында мүмкүн болгон.