Депутат Дастан Бекешев жаңы министирди ведомствонун кадрдык потенциалына көңүл бурууга чакырды.

«Мурункудай болуп өзүңүздүн туугандарыңызды жана тааныштарыңызды жумушка албаңыз. Профессионал кадрларды топтоңуз», — деп кошумчалады ал.

Депутат Медер Чотонов министрдин милдетин аткаруучуну бардык мечиттер үчүн электр энергиясына болгон төлөмдү социалдык тарифке өткөрүү маселесин чечүүгө чакырды.

Эске салсак, буга чейин Таалайбек Ибраев өз каалоосу менен энергетика министри кызматынан бошотулган.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен энергетика министринин милдетин аткаруучу болуп Алтынбек Рысбеков дайындалган. Ал буга чейин энергетика министринин орун басары кызматын ээлеп келген

Алтынбек Рысбеков Энергетика министрлигине келгенге чейин өлкө боюнча электр энергиясын өткөрүүгө жооптуу болгон «Кыргызстан улуттук электр тармагы» (КУЭТ) ААКты жетектеген. Министрлер Кабинетинин төрагасынын тескемеси менен 2025-жылдын сентябрында энергетика министринин орун басары болуп дайындалган.

Энергетика министрлигинде Рысбеков тармактык долбоорлордун ишке ашырылышын көзөмөлдөп, жаңы энергетикалык объекттердин, анын ичинде чакан гидроэлектростанциялардын курулушу боюнча сүйлөшүүлөргө катышкан.

Алтынбек Рысбеков 1978-жылдын 6-июнунда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда туулган.