Иш-чаранын алкагында Мамлекет башчысы долбоор тууралуу маалымат менен жана Балыкчы станциясынан "Балыкчы көл жээги«аялдамасы пунктуна чейинки темир жол тилкесиндеги калыбына келтирүү иштеринин жыйынтыктары менен таанышты, ошондой эле бул каттам боюнча темир жол автомотрисасы менен жүрүп өттү.

Узундугу болжол менен 6 чакырым болгон темир жол бутагы совет мезгилинде иштеген, бирок кийинчерээк жараксыз абалга келип, пайдалануудан чыгарылган. Өткөн жылы «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы тарабынан модернизацияланып: темир жол полотносу жана шпалдар алмаштырылды, ошондой эле кыймылдын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн тосмолор орнотулду.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча темир жол аркылуу жүк ташуулардын көлөмү 10 млн тоннага жетип, 2021-жылдагы 7 млн тоннага салыштырмалуу 36 пайызга өстү. Бул — ата мекендик темир жол тармагынын тарыхындагы эң жакшы көрсөткүчтөрдүн бири.

Ошол эле мезгилде темир жол транспортун колдонгон жүргүнчүлөрдүн саны 2021-жылы 255 миң адам болсо, 2025-жылы 432 миң адамга чыкты. Өсүш 70 пайызды түзөт.

Иштин мындай ыкчам ыргагы тармактын ишмердүүлүгү жакшырып, темир жолдун өлкөнүн транспорттук системасындагы ролу кеңейип жатканын айгинелейт. Натыйжада элибиздин темир жол транспортуна болгон ишеними артып баратат.

«Бүгүнкү күндө узундугу 304 чакырымды түзгөн стратегиялык маанидеги Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу жигердүү жүрүп жатат. Бул долбоордун маанилүү бөлүгү — Макмал жүк которуу станциясы. Кудай буюрса, ал ар түрдүү темир жол колеяларынын туташуусун камсыздап, өлкөнүн негизги логистикалык борборлорунун бирине айланат.

Муну менен катар өлкөнүн ички темир жол тармагын өнүктүрүү жана Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүнүн транспорттук байланышын чыңдоо үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече — Макмал темир жол долбоору боюнча иштер жүргүзүлүүдө», — деди Садыр Жапаров.

Ал аталган долбоордун биринчи этабы катары узундугу 63 чакырым болгон Балыкчы — Кочкор темир жол линиясы каралып жатканын кошумчалады.

"Бул долбоор чийки заттарды жана өнөр жай жүктөрүн ташууну арттырууга, аймактардын транспорттук жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, логистикалык чыгымдарды азайтууга жана улуттук темир жол системасынын интеграциясын кыйла күчөтүүгө мүмкүндүк берет.