- Кочкорская районная прокуратура вернула государству земельный участок стоимостью 30,5 млн сомов.
- Участок площадью 30 гектаров орошаемой пашни был незаконно передан в 1996 году частному крестьянскому хозяйству на 99 лет.
- Правоустанавливающие документы признаны недействительными в результате мер прокуратуры и судебных разбирательств.
- Земельный участок возвращен в муниципальную собственность Чолпонского айылного аймака.
Маалыматка ылайык, райондук прокуратура тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышына жүргүзүлгөн текшерүү жүргүзүлгөн. Натыйжада Чолпон айыл аймагында 30 гектар сугат айдоо жер тилкеси 1996-жылы мыйзам талаптарын бузуу менен жеке дыйкан чарбасына 99 жылдык мөөнөткө пайдаланууга берилип кеткендиги аныкталган.
Фото Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы. Кочкордо жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
Прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын жана соттук териштирүүлөрдүн жыйынтыгында аталган жер тилкесин пайдаланууга берүүгө байланыштуу укук аныктоочу актылар жараксыз деп табылган.
Ошентип, базар баасы 30 млн 500 миң сомду түзгөн 30 гектар сугат айдоо жер тилкеси Чолпон айыл аймагынын муниципалдык менчигине кайтарылды.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий