Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, бул күнү республиканын бардык жалпы билим берүү уюмдарында 9-класстын бүтүрүүчүлөрүнө негизги жалпы билими тууралуу күбөлүктөр, ал эми 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө орто жалпы билими тууралуу аттестаттар тапшырылат.

Документтерди тапшыруу иш-чараларын өткөрүүдө бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздук чараларын камсыздоо жоопкерчилиги билим берүү уюмдарынын жетекчилерине жүктөлөт.

Аземдин өзүнө акча каражаттарын чогултууга, ошондой эле бүтүрүүчүлөр жана алардын ата-энелери үчүн кошумча иш-чараларды уюштурууга тыюу салынат.