Маалыматка ылайык, төмөнкү аймактарда суу болбойт:

Ала-Арча суусу — темир жол линиясы — Жибек Жолу проспекти — Жаш Гвардия бульвары;

Жаш Гвардия бульвары — темир жол линиясы — Фрунзе көчөсү — Манас проспекти;

Дэн Сяопин проспекти — Ала-Арча суусу — Бөкөнбаев көчөсү — Кулиев көчөсү — Москва көчөсү — Пишпек көчөсү — Фучик көчөсү — Казаков көчөсү.

Суу «Батыш-2» суу топтомосунда оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлмөкчү.

Бишкек мэриясы ыңгайсыздык жаралгандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканаларды жана тургундарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.