Көргөзмө аялдардын эмгегин, алардын коомдогу ордун жана тарыхый салымын көркөм жана документалдык материалдар аркылуу чагылдырууга багытталган. Экспозиция XX кылымдагы кыргыз аялдарынын эмгек жолун бүгүнкү күндөгү эмгекчи аялдардын турмушу менен салыштырып көрсөтөт.

Көргөзмөдө өткөн кылымдагы кыргыз аялдарынын эмгек процессин чагылдырган көркөм чыгармалар жана бүгүнкү күндө айыл чарбада, тигүү өндүрүшүндө жана соода тармагында эмгектенип жаткан аялдардын фотоматериалдары сунушталат. Талаада иштеген, тигүү цехтеринде эмгектенген жана базарларда күнүмдүк тиричиликти камсыз кылган аялдардын образдары аркылуу алардын коомдогу орду ачылып берилет.

Экспозициянын маанилүү бөлүгүн Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин фонддук коллекциясынан алынган санариптештирилген чыгармалар түзөт. Алардын арасында Л.А. Ильинанын «Пахта терүүчү аял», «Кызылчачы аял», К. Артыкбаевдин «Талаадагы аялдар», С. Акылбековдун «Кызылча талаасында», Л. Дейманттын «Саанчылар» жана О. Мануилованын эмгектери бар. Көргөзмөдө графика, живопись жана айкелчилик өнөрүнүн үлгүлөрү камтылган.

Өткөн жана азыркы мезгилдин материалдарынын айкалышы аялдардын эмгек жолундагы тарыхый уланмалуулукту көрсөтүп, алардын өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымын даңазалайт.

Көргөзмө Борбордук Азия университетинин Маданий мурастар жана гуманитардык илимдер бөлүмүнүн «Айкөл музей» долбоорунун алкагында уюштурулууда.